На базе РДИТА «Алтын туйун» завершен третий, итоговый, тур Республиканской математической олимпиады «Юные пифагоры в мире техники», проводимой Министерством образования и науки КР и Республиканской детской инженерно-технической академией «Алтын туйун». В дистанционном отборочном туре приняли участие 3200 школьников республики.
В финал олимпиады прошли 150 школьников 3-8 классов со всех регионов Кыргызстана. Ученики УВК ШГ №70 победившие в двух отборочных этапах, были приглашены на финальный тур в составе возрастных групп школьников 3-4-х классов и 7-8-х классов.
В группе "3-4 классы" Беккер Альберт, Омурзакова Сагадат и Джанышева Анжелина.
В группе "7-8 классы" Узбеков Талгат.
Каждый школьник получил сертификат участника РМО.
В течении трех дней школьники состязались как в личном, так и в командном первенствах олимпиады. На практическом туре ребята показали свои знания по решению нестандартных математических задач, а на теоретическом туре подтвердили знание теоретических вопросов математики. Работу гимназистов оценивало компетентное жюри, в состав которого вошли учёные и лучшие математики города Бишкек.
По итогам олимпиады в группе "3-4 классы" ученик УВК ШГ №70 Беккер Альберт набрал 50 баллов, уступив 2 балла призеру на III место (присуждено за 52 балла).
Реванш был достигнут группе финалистов "7-8 классы", где ученик УВК ШГ №70 Узбеков Талгат набрав 52 балла занял I место в Республиканской математической олимпиаде «Юные пифагоры в мире техники»!
Победители и призёры были награждены дипломами I, II и III степеней и ценными подарками.
По итогам командного первенства победителем стала команда РДИТА «Алтын туйун», второе место завоевала команда г. Бишкек, а третье – ребята из Иссык-Кульской области. Лучшая команда была награждена переходящим кубком олимпиады, учрежденным Министерством образования и науки КР.
Помимо соревновательной части программа олимпиады включала в себя и различные увлекательные мероприятия, такие как мастер-класс по решению олимпиадных задач, интеллектуальные состязания: «Математический бой» и «Математический Квест», посещение планетария, конструирование из бумаги, практикумы по созданию пространственных моделей и подвижные игры.
Поздравляем гимназистов - победителей!
«ЖАШ ПИФАГОРЛОР ТЕХНИКА ДΥЙНϴСΥНДϴ»
Республикалык математикалык олимпиадасындагы жеңиш.
«Алтын түйүн» Республикалык инженердик-техникалык балдар академиясынын алкагында КРнын билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Республикалык инженердик-техникалык балдар академиясы тарабынан «Жаш Пифагорлор техника дүйнөсүндө» республикалык математикалык олимпиадасынын үчүнчү жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Дистанциондук тандоо туруна республиканын 3200 мектеп окуучусу катышты.
Кыргызстандын бардык аймактарынын 3-8-класстарынан 150 окуучу олимпиаданын финалына өтө алышты. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплексинин окуучулары жаш курагына жараша 3-4-класстардын жана 7-8-класстардын арасындагы тандоонун эки этабынын жеңүүчүлөрү болгондуктан финалдык турга чакырылды.
«3-4- класстар» тобунда Беккер Альберт, Омурзакова Сагадат жана Джанышева Анджелина.
«7-8- класстар» тобунда Узбеков Талгат.
Ар бир окуучуга РМО нын сертификаты тапшырылды.
Окуучулар үч күн аралыгында олимпиаданын жекеме-жеке, ошондой эле командалык биринчилик мелдешинде күч сынашты. Практикалык турда окуучулар стандарттык эмес математикалык тапшырмаларды чыгаруу боюнча билимдерин көрсөтүшсө, теориялык турда математикалык теориялык суроолор боюнча билимдерин далилдей алышты. Гимназисттердин эмгегин Бишкек шаарынын окумуштууларынан жана мыкты математиктеринен турган компететтүү жюри курамы баалады.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча «3-4- класстар» тобунда №70 МГ ОТКнин окуучусу Беккер Альберт 50 упайга ээ болуп, III орунга (52 упай үчүн берилди) 2 упай уттурду.
Финалисттер тобундагы жетишкендик, №70 МГ ОТКнин окуучусу Узбеков Талгат 52 упай топтоо менен « Жаш Пифагорлор техника дүйнөсүндө» Республикалык математикалык олимпиадасында I орунга ээ болду!
Жеңүүчүлөр жана сыйлануучулар I, II, III даражадагы диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Командалык биринчилик боюнча жеңүүчү «Алтын түйүн» РИТБАнын командасы, экинчи орунду Бишкек шаарынын командасы, ал эми үчүнчү орунга Ысык-Көл областынын окуучулары ээ болушту. КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан негизделген көчмө кубок мыкты командага тапшырылды.
Олимпиаданын программасында мелдеш бөлүгүнөн тышкары төмөндөгүдөй кызыктуу иш-чаралар, мисалы, олимпиадалык тапшырмаларды чыгаруу боюнча мастер-класс, интеллектуалдык мелдештер: «Математикалык күрөш» жана «Математикалык Квест», планетарийге саякат, кагаз менен конструкциялоо, мейкиндик моделдерин жасоо жана кыймылдуу оюндар боюнча практикалык окуулар камтылган.
Гимназист – жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!





Комментариев нет:
Отправить комментарий